Жаңылыктар
Сейитбек Идирисов: Айтматовду таануу үчүн анын китептерин окуш керек
Маданият
Сейитбек Идирисов: Айтматовду таануу үчүн анын китептерин окуш керек

Кыргыз адабиятынын күнүнө жана улуу жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулуп жаткан “Канткенде адам уулу адам болот?” деп аталган Республикалык китеп окуу конкурсу тууралуу “Күн чубак” программасында сөз болду.
 
Уктурууга КР УИнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору Айнура Кадырмамбетова жана “Оку” басма үйүнүн жетекчиси жана долбоордун демилгечиси Сейитбек Идирисов катышты.