Жаңылыктар
Кыргыз-монгол өкмөттөр аралык кызматташуу жыйыны өттү
Саясат
Кыргыз-монгол өкмөттөр аралык кызматташуу жыйыны өттү

Бишкекте кыргыз-монгол өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыгынын үчүнчү жыйыны болуп өттү. Кыргызстанга Монголиядан Жол жана транспорт министри баштаган делегация келди. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жигердүү жана ыкчам өнүгүү жолунда экенин Кыргызстандын Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов белгиледи. Көңүл чордонунда өнүгүүнүн маанилүү жана келечектүү багыттары болуп, соода-экономикалык жана инвестиция багытында сөз болду.

"Кыргыз-монгол мамилелеринин өнүгүүсү үчүн биздин өлкө болгон аракетин жумшоодо. Кызматташтыгыбыздын мындан ары өнүгүүсү үчүн бүгүн дагы бир маанилүү документке кол коюлат",- деди Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү Тогтох Ганболд.