Жаңылыктар
Мугалимдердин маянасы 30 пайызга көбөйдү
Билим
Мугалимдердин маянасы 30 пайызга көбөйдү

Октябрь айы билим берүү тармагынын тиреги болгон мугалимдер үчүн кубанычтуу кабар менен башталды. Анткени алардын айлык маянасы 30 пайызга көбөйдү. Дал ушул жагымдуу жаңылык алыскы Баткен шаарындагы мугалимдерди да кубантты. Азыр алар жаңы өлчөмдө бериле турган маяналарын күтүп жаткан кездери. Жалпысынан шаардагы мектептерде 355 мугалим иштейт.

Бул Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеп. Мында 1893 бала билим алат. 74 мугалим дал ушул окуучулардын татыктуу билим алуусу үчүн болгон аракетин көрүп келет. Алардын катарында агартуу тармагына эмгек жолун арнаган Кымызай Дыйканова да бар. Ал билим берүүдөгү акыркы жаңылыкка ыраазы. Анткени, мугалимдердин эмгеги бааланууда дейт.

Айлык акыбыз көтөрүлүп кубанып атабыз. Бул биздин ишке болгон аракетибизди дагы арттырат. Анткени, бизди колдоп жатса, сөзсүз аны татыктуу алып кетишибиз керек”,- дейт мугалим Кымызай Дыйканова.

Мугалимдердин кубанычына негиз бар. Анткени октябрь айында президенттин жарлыгы менен мугалимдердин айлык маянасы 30 пайызга көтөрүлгөн. Эми ай аяктап, саналуу күндөрдөн соң колдоруна татыктуу эмгек аксысын алчу кез келди.

“Айлык акынын көбөйүшү боюнча мектеп жетекчилерине, мугалимдерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул эми албетте мугалимдин келечекте жакшы иштешине, ишине болгон кызыгуусун арттырууга салым кошот деп ойлойбуз. Мисал үчүн 30 жылдык стажы бар мугалимге кеминде 5 миңге чейин эмгек акы кошулду. Ал эми 15 жылдык стажы бар мугалимге кеминде 4 миңге чейин. Такыр эле стажы жокторго 3 миңге чейин кошулду”,- деди Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Кутуз Мамаяров.

Билим берүүдөгү жаңылык муну менен эле чектелбейт. Анткени мугалимдердин сабак өтүүсүнө да жеңилдиктер түзүлүүдө. Бул багытта албетте санариптештирүү жылынын алкагында колго алынган жаңылануулар. Маселен шаардагы мектептер толугу менен интернетке туташтырылып, аны арты менен электрондук түзүмгө өтүшүүгө. Бул да болсо билим сапатын жогорулатууга түрткү болууда.

“Президентибиздин демилгеси менен быйылкы санариптештирүү жылынын алкагында биздин мектепте дагы жалпысынан алганда бир топ иш-чаралар болуп атат. Ата-энелердин демөөрчүлүгүнүн эсебинен биздин мектепке 4 электрондук доска коюлду",- деп билдирди Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору Гүлжамал Ысманова. 

Баткен шаары боюнча жалпы 9 мектеп болсо, 6 миңден ашуун окуучу билим алууда. Жалпысынан шаардын мектептеринде 355 мугалим эмгектенет.