Жаңылыктар
Илмияновдун үй-мүлкү конфискацияланып, жети жылга эркинен ажыратылды
Кылмыш
Илмияновдун үй-мүлкү конфискацияланып, жети жылга эркинен ажыратылды

Икрамжан Илмиянов жети жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле, анын үй-мүлкү конфискацияланат. Мындай өкүмдү Октябрь райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров угузду. 

Мурдагы президенттин кеңешчиси Кыргызстанда иш алып барган беларусиялык ишканадан 150 миң доллар пара алган деп айыпталган. Илмиянов былтыр ноябрь айында камакка алынып, кылмыш ишинин материалдары июль айында сотко өткөн.