Жаңылыктар
Уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери бекитилди
Ден соолук
Уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери бекитилди

Кыргызстанда таасири күчтүү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери бекитилди. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим Кыргызстанда таасири күчтүү уулуу заттарды колдонууда коопсуздукту камсыз кылуу, авариялык кырдаалдардын тобокелчилигин төмөндөтүү, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында кабыл алынды. 

Эрежени иштеп чыгууда Евразия экономикалык биримдигинин талаптары жана техникалык жөнгө салуунун эл аралык тажрыйбасы эске алынды. Коопсуздук эрежелери баңгизаттар, психотроптук заттар, пестициддерге байланыштуу болгон процесстерде колдонулбайт. Ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына жана өлкө мүчө катары эсептелген, тийиштүү тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.