Жаңылыктар
Автотранспортко болгон бажы тариздөө көлөмү беш эсе жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Автотранспортко болгон бажы тариздөө көлөмү беш эсе жогорулайт

2020-жылдын 1- январынан тартып, Кыргызстанга ташылып келинген автотранспортко болгон бажы тариздөө көлөмү беш эсе жогорулайт. Себеби, жаңырган жылдан Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими менен жаңы тариф ишке киргизилет. Бул тууралуу маселе Жогорку Кеңештин экономикалык жана фиксалдык саясат боюнча комитетинде кызуу талкууга алынды.  

Экономика министрлигинен алынган маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө бажы алымдарына каралган жеңилдиктердин мөөнөтүн узартуу боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылуу каты даярдалууда. Учурдагы коомчулукту табышмактуу ойго салган автокаражаттарга болгон бажы тариздөө маселеси ар кыл көз караш, ой-пикирлерди жаратууда.

Автротранспортко бажылык жол жоболоштуруу келишимине ылайык, жаңы жылдан тартып беш эсе бажы алымдары киргизилет. Негизи сырттан өлкөбүзгө ири сандагы авто транспорттун түркүн үлгүлөрү ташылып келет. 

Экономика министри Санжар Муканбетов бул маселе учурда өкмөттө каралып жатканын ачыктады. Ошону менен бирге Келишимдин мөөнөтүн узартуу алкагында жумушчу топ иштеп жатканын, анын жыйынтыгы менен Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылуу өтүнүчү жиберилерин белгиледи. Адистердин айтымында, бажы тариздөө боюнча өлкө  жарандарынын кооптонуусуна негиз жок. Тиешелүү келишим үчүнчү мамлекеттен алынып келинген автотранспортко тиешлүү.