Жаңылыктар
Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоо иши белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоо иши белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт

 

Жолчулар учурда жолго асфальт басып жатышат. Учурда жол куруу жумуштарынын 50 пайызы аяктап калды. Муну менен катар башка дагы республикалык маанидеги жолдорду салуу иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. 

Акыркы жылдары президент менен Өкмөт тарабынан республикалык маанидеги жолдорду реконструкциялоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Октябрь айынын башында Жалал-Абад - Маданият жолун реконструкциялоо жумуштары башталды. 

Долбоордун жалпы баасы 72 миллион доллар, бул каражаттын 60 миллиону Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан, калган суммасы бюджеттен бөлүнгөн. Жолдун курулушу 3 жылда бүткөрүлөт. Бекитилген график боюнча Ош - Баткен - Исфана жолунун курулушу да жүрүп жатат.