Жаңылыктар
Таласта түшүмдү оруп-жыюу иштери жүрүп жатат
Айыл чарба
Таласта түшүмдү оруп-жыюу иштери жүрүп жатат

Манас районунун Покровка айыл аймагында миң гектарга жакын аянтка эгилген кылкандуу дан эгин жыйналып алынды. Дыйкандардын айтымында, быйыл буудай баасы жогору болуп, алуучулар да арбын. Анын катарында кант кызылчасы да жыйналып, Маймак станциясына жеткирилүүдө.
Покровка айыл аймагындагы кооперативдин бирине караштуу бул 280 гектар аянтка күздүк эгилди. Чарба жетекчиси Жанарбек Байтиковдун айтымында быйылкы түшүм да жакшы болду. Жыйналган буудайды үрөн катары жергиликтүү дыйкандар сатып алды. Жылына 9-10 сомдон көтөрүлбөгөн буудай баасы, бул жолу килограммына 13 сом 50 тыйындан айланды. Ага кошумча кардар кезеги да жылдагыдан арбын болду.