Жаңылыктар
Чокморовдун чыгармачылыгына арналган жаңы китеп жарык көрдү
Маданият
Чокморовдун чыгармачылыгына арналган жаңы китеп жарык көрдү

СССРдин жана Кыргыз ССРнин эл артисти, сүрөтчү жана актёр Сүймөнкул Чокморовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган жаңы китеп жарык көрдү. Анын бет ачарына Чокморовдун талантын терең баалаган чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү келип, сейрек талант тууралуу жылуу пикирлерин ортого салышты.

Талантуу адам бардык жагынан талантуу болот. Жанын сыздаткан оорусуна карабай талантын таптап келди. Өмүрүнүн аягына чейин ажайып кооз 800дөн ашык сүрөттөрдү жана 20дан ашык ролдорду жаратып, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кинотасмаларын дүйнөлүк аренага алып чыккан инсандардын бири болгон. 

Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн эл аралык жана СССРдин кинофестивалдарында беш жолу катары менен биринчи байгени жеңип алып тарыхта унутулгус аты калды.