Жаңылыктар
Т.Усубалиевдин ишмердигин баяндаган китеп жарык көрдү
Маданият
Т.Усубалиевдин ишмердигин баяндаган китеп жарык көрдү

Турдакун Усубалиевдин ишмердигин, өмүр таржымалын баяндаган китеп жарык көрдү. Анын бет ачарына бийлик өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана мамлекеттик ишмердин жакындары катышты. 

"Турдакун Усубалиев. Өмүрү жана тагдыры" аттуу жаңы эмгек коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун калемине таандык. Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган маараке өлкөнүн ар тарабында өткөрүлүүдө. 

Негизги иш-чара 6-ноябрга белгиленген.