Жаңылыктар
Кыргызстанда шишик оорусуна кабылгандардын саны көбөйдү
Ден соолук
Кыргызстанда шишик оорусуна кабылгандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда шишик оорусуна кабылгандардын саны 25 миңден ашуун. Өзгөчө көп кездешкени - ашказан шишиги. Бул тууралуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун гастроэнтерология жана нефрология бөлүмүнүн башчысы Мамраим Жумабаев билдирди. 

Айтымында, ашказандын шишик ооруусун алдын алуу максатында Жапониядан эки адис келип, кыргызстандык дарыгерлерге эки күндүк окутуу өткөрүлдү. 

Алар дартты эрте аныктоо тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Окутууга ошондой эле аймактык дарыгерлер да чакырылган.