Жаңылыктар
Боронов «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коомуна барды
Экономика
Боронов «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коомуна барды

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коомуна барды. Ишкананын башкы директору Талайбек Байгазиев энергетикалык эсептөө борборун ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө айтып берди. 

Кубатбек Боронов эл аралык өндүрүүчүлөр тарабынан таанылган технология боюнча, капсулалык ыкма менен толук изоляцияланган күйбөс имаратка энергетиканы ченөө маалыматтарын башкару жабдуулары орнотулуучу сервердик имаратты монтаждоо иштери менен таанышты. 

Ал энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн ишиндеги башкы багыттардын бири - энергетика өндүрүшүнө заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү болуп саналарын айтты. Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, энергетикалык эсептөө борборун ишке киргизүү өлкөнүн бүтүндөй энергетика тутумунун тактыгын жана ачыктыгын камсыздайт. Көз карандысыз эсептөө борборунун иши энергетикалык компаниялардын ишин жакшыртып, электр энергиясындагы жоготууларды кыскартат.