Жаңылыктар
Кыргызстан Белоруссияга картошка экспорттоду
Экономика
Кыргызстан Белоруссияга картошка экспорттоду

Узап бара жаткан жылы Кыргызстан Белоруссияга картошка экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сегиз айлык соода-сатык катнашынын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат. Ага ылайык, ЕАЭБ мамлекеттериндеги соода-сатыктын көлөмү 1,7 миллиард доллар болгон. 

Анын 400 миллион долларын өлкөнүн экспорту түзөт. Белгилей кетсек, Кыргызстан ушул жылы Белоруссияга 20 тонна картошка экспорттогон. Ал эми Россияга 540 тонна, Казакстанга 10 миң тоннадан ашык картошка жиберген. Маалыматка караганда, былтыр Кыргызстан Белоруссияга картошка саткан эмес.