Жаңылыктар
Муратбек Бегалиев өлкөлөр аралык сыйлыктын лауреаты болду
Кыргызстан жаңылыктары
Муратбек Бегалиев өлкөлөр аралык сыйлыктын лауреаты болду

КР Эл артисти, композитор, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев өлкөлөр аралык «Звезды Содружества» сыйлыгынын лауреаты болду. Консерваториянын маалымат кызматы кабарлагандай, сыйлыкты ыйгаруу боюнча кеңештин чечими менен ыйгарылды. 

Муратбек Бегалиев Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында 1955-жылы туулган. Ал музыкалык билимди Республикалык адистештирилген М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта, Мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда жана 1977-1982-жылдары Москва мамлекеттик П.Чайковский атындагы консерваторияда алган. 

Кийинчерээк билимин Германия менен Францияда өркүндөтүп, тажрыйбасынын аркасында чыгыш менен батыштын музыкалык маданиятын жакындаштырат. Композитордун чыгармалары Россия, Германия, Австрия, Швейцария, Венгрия, Польша, Түркия жана башка көптөгөн өлкөлөрдө аткарылган.