Жаңылыктар
Мигранттардын балдарынын билим алуусуна кандай шарттар түзүлгөн?
Мекендештер
Мигранттардын балдарынын билим алуусуна кандай шарттар түзүлгөн?

Екатеринбург шаарынын № 147- орто мектебинде жалпы 999 окуучу билим алат. Алардын 420 сы эмгек мигранттарынын балдары болсо, 216сы кыргыз улутундагы окуучулар.

 Мектептерде 1-4-класстарга эрте мененки тамак акысыз берилет. Ал эми түшкү тамактын баасы 100 рублга чамалайт. Мектеп директору Надежда Соболева белгилегендей, айрым балдар ачка болгондуктан эсин жоготуп жыгылган да учурлар болот. Анткени кээ бир ата энелер балдарына түшкү тамак алып бербейт.

Мугалимдердин айтымында, эмгек мигранттарынын Россияда туулуп өскөн балдары, окууда кыйналбайт. Ал эми Кыргызстанда окуп жатып, которулгандарда маселе аз эмес. Биринчи эле жаралган тоскоолдук – бул тил маселеси болсо, айрым балдар үчүн өзү окуп жаткан класстын окуу программасын өздөштүрүп кетүү мүмкүн болбогон да учурлар аз эмес.

Бул жерде окуган кыргызстандык окуучулар, мектептеги күзөт кызматында эмгектенгендерден тышкары, мугалим болуп эмгектенген жердештерибиз да жок эмес. Жапар Манасов бул мектепте 10 жылдан ашык убакыттан бери математикадан сабак берет. Ага чейин ал Ош облусунун Араван районундагы Бостон орто мектепте 17 жыл эмгектенген.
Мектеп директорлору, ата энелер балдардын окуусуна, билим алуусуна кайдыгер мамиле жасабаса деген оюн билдирди. Анткени, балдардын татыктуу билим алуусуна шарт түзүү – анын келечегинин ачык болушун камсыздап, мүмкүнчүлүгүн өзү жашап жаткан район, базар аймагынан башка жерде да, кенен пайдаланууга жол ачат.