Жаңылыктар
Мугалимдер жогорулатылган маяна ала баштады
Билим
Мугалимдер жогорулатылган маяна ала баштады

Мугалимдер жогорулатылган маяна ала баштады. Билим берүү тармагынын жүз жыйырма миңдей кызматкеринин эмгек акысын 30 пайызга жогорулатуу тууралуу токтомго өкмөт башчысы тарабынан мындан туура бир ай мурда кол коюлган. Октябрь айынын маянасы жалпы өлкө боюнча 5-ноябрга чейин берилип бүтөт.

Эмгек акынын аздыгы билим берүү тармагындагы олуттуу көйгөй катары каралып келатат. Муну эске алып, өкмөт мугалимдердин маянасын 30 пайызга көтөргөн. 27 жылдан бери ардактуу кесипти аркалаган Анара Алыпсатарова жогорулатылган маянаны алгачкылардан болуп алды.

Отуз пайызга жогорулатылган эмгек акы жүз жыйырма миңдей кызматкерге тиешелүү. Алар орто мектептердин, өндүрүштүк окутуу жайларынын мугалимдери, бала бакчалардын, мектеп-интернаттардын тарбиячылары жана башка билим берүү кызматкерлери. Бюджеттин абалын эске алып, мугалимдердин эмгек акысынын жогорулаарынан күмөн санагандар болгон. Ал эми финансы министрлиги отуз пайыз деп айтылганы менен андан жогору көрсөткүчтөр да бар экенин билдирүүдө.

Октябрь айынын эмгек акысы 5-ноябрга чейин берилип бүтөт. Өкмөт мындан сырткары сынактарда ийгиликке ээ болгон окуучулардын мугалимдерине сыйлык берүүнү да максат кылып жатат.