Жаңылыктар
Бишкекте азык-түлүк, курулуш жана текстиль өндүрүүчүлөрдүн жарманкеси өттү
Экономика
Бишкекте азык-түлүк, курулуш жана текстиль өндүрүүчүлөрдүн жарманкеси өттү

Бишкекте кыргызстандык жана чет элдик компаниялар өндүргөн азык-түлүк, курулуш жана текстиль өндүрүүчүлөрдүн жарманкеси өттү. Ага катышкан компанияларга продукцияларын сатууга шарт түзүлүп, башка өнөктөштөр менен соода-экономикалык алаканы жолго салуу боюнча макулдашууга кеңири мүмкүнчүлү жаралды.

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Бишкек-2019” деп аталган эл аралык жарманке 31-октябрдан 3-ноябрга чейин уланат. Жыл сайын өткөрүлүп келген мындай көргөзмө быйыл 27-ирет уюштурулууда. Жалпы 30 дан ашык атамекендик жана чет элдик компаниялар өндүргөн товарларын алып чыгышкан.

Жарманкени Соода-өнөр жай палатасы жана Бишкек шаардык мэрия уюштурган. Максаты жергиликтүү жана чет өлкөлү ишкерлерге тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү. Өлкө аймагында өндүрүлгөн товарларды чет жерге жайылтуу менен үй-бүлөлүк жана өлкө экономикасын дагы чыңдоого салым кошуу.

Мында тамак-аш, кийим-кечеден сырткары айыл чарбасына зарыл болгон техникалар менен ар кандай зер буюмдардын түрлөрү коюлду. Арасында Германияга өндүрүмүн экспорттогон компаниялар дагы бар.

Кайрат Махсүдинов 30 жылдан ашык убакыттан бери бал өндүрүү менен алектенип келет. Ишкер жарманкеге балдын бардык түрүн алып келген. Ал өндүргөн бал сапаты жагынан атаандаштарыныкынан мыкты экенин айтат. Учурда Катар, Бириккен Араб Эмирлиги сыяктуу өлкөлөргө 50 тоннадан ашык продукциясын экспорттойт. Ошондой эле ал, Кыргызстанда алгачкылардан болуп халал сертификатын алганын билдирди. Ал эми жарманкеге келген кардарлар Кыргызстанда ушул сыяктуу көргөзмөлөрдүн аянтчасы көп болушун каалашат. Ошондой эле алар мындай жарманкеде экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын алууга жакшы шарттар түзүлүп жатканын кошумчалашты.

Ал эми адистер белгилегендей, мындай өңүттөгү көргөзмөлөр соода тармагынын өнүгүшүнө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө болот.