Жаңылыктар
Базар-Коргондогу сүттү кайра иштетүүчү цех ички базарды толук камсыздоодо
Аймак
Базар-Коргондогу сүттү кайра иштетүүчү цех ички базарды толук камсыздоодо

Базар-Коргон районунда жеке ишкер сүттү кайра иштетип, ички базарды сүт азыктары менен камсыздап келет. Союз мезгилинен бери бул тармакта эмгектенген ишкер ишканасын кеңейтүүнү көздөп, жаңы жабдууларды алуу үчүн атайын долбоор менен Айыл чарба министрлигине кайрылган. Эгер ал колдоо тапса, күнүнө 3 тоннадай сүттү иштетүүгө шарт түзүлөт.

Гүлжан Токтосунова сүттү кайра иштеттүүчү чакан цехти иштеткенине көп жыл болду. Кезинде ишкананын орду май чыгаруучу завод болгон. Технолог айым бул тармактын сырын жакшы билгендиктен, заводду сүт чыгаруучу цехке айландырган. Ишкер: жыл сайын сүт азыктарынын түрүн кошуп атабыз. Чакан цехте күнүнө 1 тонна сүттү иштетүүгө болот. Сүттөн жасалган азыктын 6 түрү даярдалат. Азырынча ички базарга гана чыгарылат. Себеби, өндүргөн продукциянын көлөмү аз.

Сүттү иштеткен аппараттар да эски, союз учурундагы технология. Ишкер цехти кеңейтүү, азыктын көлөмүн көбөйтүү максатында Айыл чараба министрлиге атайын долбоор жазып кайрылган. Эгер ал ишке ашып калса, күнүнө 3 тонна сүттү иштетүүгө шарт түзүлөт. Анын арты менен өндүрүлгөн продукцияны чет жакка да чыгарууга болот. Өндүрүштө 8 киши туруктуу иш менен камсыз болгон. Эгер кеңейтилсе, дагы жумуш орундары пайда болот”.

Ошондой эле, жакында Ала-Бука районунда да сүттү кайра иштетүүчү цех ишке кирүү алдында турат. Иш башталса 4-5 адам жумуш менен камсыз болот. Кубаттуулугу күнүнө 3 тонна сүттү иштете алат. Цехти ишке салуу үчүн ишкер 100 миң доллар каражат жумшаган. Ал эми Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүндө да атайын долбоор аркылуу сүттү иштете турган чакан цех ачылган. Жыл аягына чейин Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө суткасына 5-6 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишке берилиши пландалууда.

Жалал-Абад облусу боюнча жылына өндүрүлгөн сүттүн көлөмү болжол менен 350 миң тоннага жетет. Аймакта сүт багытында 4 мал чарбасы бар. Адистердин белгилөөсүндө, сандан сапатка өтүү, асыл тукум мал кармоонун кирешеси бир кыйла жогору экенин дыйкандар жакшы түшүнө баштады. Себеби көпчүлүгү малдын санына ыктап, анын чыгашасын эске албайт. Жайыттар да деградациядан сакталмак. Бүгүнкү күндө жайытка карата малдын башы нормадан ашык.