Жаңылыктар
Аскаров: "Аймактарды өнүктүрүүдөгү каражат бизнести колдоого багытталышы керек"
Экономика
Аскаров: "Аймактарды өнүктүрүүдөгү каражат бизнести колдоого багытталышы керек"

Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар бизнести колдоого багытталышы керек. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров инвестициялык бизнес, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларды тандоо боюнча сынактык комиссиянын кезектеги жыйынында айтты.

“Биз ишкерликтин бардык түрүн, анын ичинде ири бизнеске жардам көрсөтүүгө даярбыз. Бирок бул каражаттар айылды же районду өнүктүрө турган чакан жана орто бизнести түзүүгө жана иштетүүгө арналган. Муну менен биз көптөн бери ишкерликти баштай албай жүргөндөргө жардам беребиз”, - деди Замирбек Аскаров. 

Сынак комиссиясынын кароосуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Ош шаарынан 18 бизнес-долбоор сунушталган. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча 7 долбоор жактырылды. Финансы министрлиги документтерди изилдеп чыккан соң алар боюнча каржылоо башталат. Тандоо критерийлерине дал келбестигине байланыштуу дагы 7 долбоор толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Сынак комиссиясынын кийинки жыйыны келерки жумада өтөт. Комиссиянын мүчөлөрү өлкөнүн бардык облустарында 100гө жакын долбоорду карап чыгууга ниеттенүүдө.