Жаңылыктар
Өкмөт башчы жумуш сапар менен Өзбекстанда
Саясат
Өкмөт башчы жумуш сапар менен Өзбекстанда

Кыргызстан Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоо жумуштарын ыкчамдатат. Мындай ниеттерин Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Президент Шавкат Мирзиеев Ташкентте болгон эки тараптуу жолугуушууда билдирди. Тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий гуманитардык багыттагы алакалары ыраатуу өнүгүп жатканын белгилеп кызматташтыктын башка багыттарын талкууга алышты. Ошол эле учурда Өкмөт башчы Афганистан Ислам республикасынын Аткаруу комитетинин башчысы Абдулла Абдулла менен дагы эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Эртең 2-ноябрда Премьер-министр Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешине катышат.

Өкмөт башчыны Ташкенттин Ислам Каримов атындагы Эл аралык аэропортунан Өзбекстандын вице-премьер-министри Азиз Абдухакимов, Ташкент шаарынын акими жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары каз катар тизилген аскерлер ызаат көрсөтүп тосуп алышты.

Өкмөт башчыларынын кеңешинде уюм алкагында бир катар саясий, экономикалык жана социалдык маселелерди ыкчамдатуу талкууланып турат, ошол эле учурда көп тараптуу соода жана ШКУ өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташуу боюнча жаңы программасынын долбоорун бекитүү каралууда.

Өкмөт башчыларынын бул жолугушуусу – ШКУнун алкагында аймактагы экономикалык, транспорт, энергетика, өнөр жай, инвестициянын көлөмүн көбөйтүү, инновацияны киргизүү, калктын жумушсуздук маселесин чечүү багытындагы уюмга мүчө-мамлекеттердин демилгелерин ишке ашырууда түрткү берээри белгиленүүдө.

ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешине катышуунун алкагында Өкмөт башчы бир катар жолугушууларды өткөрдү.