Жаңылыктар
Кыргыз - Орус кызматташтыгы дагы тереңдейт
Саясат
Кыргыз - Орус кызматташтыгы дагы тереңдейт

Кыргыз - Орус кызматташтыгы дагы тереңдейт. Алдыдагы Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылына карата алаканы арттырууга арналган атайын даярдыктар башталды. Бул боюнча уюштуруу комитети да түзүлгөн. Эки өлкөнүн байланышын бекемдөө максатындагы иш-чаралар туурасында Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойдун Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылынын ачылышы Москва шаарында 2020-жылдын февраль-март айларында, ал эми жабылыш аземи октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда өтөт. Бул саамалыкка учурда өлкөнүн бардык тармагы, айрыкча маданият жаатындагылар кызуу даярданышууда.

Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылында маданият кызматкерлеринин дасыгын жогорулатуу боюнча да иштер каралган. Аларды окутуу үчүн Орусиянын жогорку окуу жайларында 2-3 жумалык атайын курстар уюштурулат.

Маданий-гуманитардык багыттагы иш-чаралардан тышкары өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын мааракелик иш-чараларына катышуусу, Тверь облусундагы салгылашууда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге эстелик тургузуу иштери да планга киргизилген.

Өлкөлөр ортосундагы достукка, биримдикке жана өз ара урматтоого негизделген кыргыз-орус алакасы азыр да жогорку деңгээлде экенин жана Кыргызстанда Россия күндөрүн, Россияда Кыргызстандын күндөрүн өткөрүү эки өлкөгө тең жаңы дем берерин айтат Орусия өкүлү.

Болжол менен 150гө жакын иш-чара уюштуруу мерчемделген.

Убакыттын өтүшү менен Кыргызстан менен Россиянын мамилеси уламдан-улам тыгыздалууда. Буга кызматташтык жылынын жарыяланышы сыяктуу мамлекеттер ортосунда макулдашылган бир катар ири долбоорлор себеп. Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүүгө дагы өбөлгө түздү.