Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди
Маданият
Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Маданият ишмерлеринин кесиптик майрамына карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда майрамдык концерт болуп өттү. Иш-чарага кыргыз маданиятынынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон кызматкерлер конок катары чакырылды. Ошондой эле бул тармакка эмгеги сиңген таланттар Маданият министрлигинин сыйлыгына татыды. 


Таланты элге сиңген белгилүү маданият кызматкерлери иш-чаранын башталышында кызыл килемден өтүштү. Келгендердин көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулары менен тосуп алышты.


Иш-чарада президенттин жана премьер-министрдин атынан куттктоолор окулуп, сыйлыктар тапшырылды. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул тармакка кошкон чоң салымы үчүн маданият кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, өлкөнүн белгилүү скульпторлору, сүрөтчүлөрү жана кол өнөрчүлөрү көп жылдан бери талыкпай жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Алардын иштери элдин купулуна толду.