Жаңылыктар
Улуттук гвардия жаш жоокерлер менен толукталды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук гвардия  жаш жоокерлер менен толукталды

Куралдуу кучтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскер бөлүгү 74 жаш жоокер менен толукталды. Алардын ант берүү салтанаты болуп өттү. Аскерлер атайын армияга даярдоочу үч айлык курсту аякташты. 

Иш-чарага гвардиянын полковниктери, аскер бөлүктүн командирлери жана жаш жоокерлердин ата-энелери катышты. 

Ант берүү аземинин алкагында жаш жоокерлер тарабынан даярдалган аскердик ыкмалар көрсөтүлүп, Улуттук гвардиянын аскер оркестринин концерти менен коштолду.