Жаңылыктар
Өлкөдө түшүм мол жыйналды
Айыл чарба
Өлкөдө түшүм мол жыйналды

Жаз жарыш күз күрөш деп бекеринен айтылбаса керек. Баба дыйкандын жайы менен төгүлгөн маңдай теринин акы бети күзүндө кайтат эмеспи. Айыл-чарба министрлигинен алынган маалыматка таянсак бүгүнкү күнгө карата айыл-чарба жумуштары дээрлик жыйынтыкталып, жалпысынан 444 миң гектар айдоо аянтынан дан эгиндери жыйналган. 

Жалпы республика боюнча 692 комбайн ишке чегерилген. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 40 центнерден айланып, бул өткөн жылдагыдан 11 центнерге көп дегенди билдирет. Жыйналган түшүмдүн жалпы көлөмү 1 миллион 795 миң тоннаны түзгөн.