Жаңылыктар
Кыргызстанда дары-дармектин баасы көзөмөлдөнөт
Ден соолук
Кыргызстанда дары-дармектин баасы көзөмөлдөнөт

Кыргызстанда дары-дармектин баасын жөнгө салган убактылуу эреже кабыл алынды. Тийиштүү токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 2021-жылдын 31-декабрына чейин дары-дармектин бааларын жөнгө салуу механизмин текшерүү үчүн пилоттук долбоор жүргүзүлөт. 

Токтом эки айдан соң күчүнө кирет. Ага чейин баалардын электрондук каталогу түзүлүп, 90 күн аралыгында бардык фармацевттер дарыканалардагы бааларды шайкеш келтирүүгө тийиш. Кыргызстанга дары-дармектин 97 пайызы сырттан ташылат. Доллардын баасынын өсүшүнө байлап, дарыканаларда баалар кымбаттаган учурлар байма-бай кездешет.