Жаңылыктар
Турдубек Чокиев: Начар обондор кара таандай эле каптап кетти
Маданият
Турдубек Чокиев: Начар обондор кара таандай эле каптап кетти

Кыргызстан композиторлор уюмунун 80 жылдыгына арналып жакында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ошондой эле Кыргызстан композиторлор уюму тарабынан өткөрүлгөн мыкты обондордун Республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү "Күн чубак" программасында мейманда болду. 

Алар Кыргызстан композиторлор уюмунун төрагасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Турдубек Чокиев, Кыргызстан композиторлор уюмунун 80 жылдыгына арналып өткөрүлгөн мыкты обондордун Республикалык конкурсунун лирикалык ырлар номинациясынын жеңүүчүсү, КР эмгек сиңирген артисти, Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, белгилүү актёр, обончу жана аткаруучу Нуркан Турсунбаев, жубайы Жыпаргүл Турсунбаева, балдар ырлары боюнча 1-орунга ээболгон, КР эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу Камчыбек Букалаев, атуулдук обондор номинациясынын баш байгесин жеңип алган Нурчолпон Улукбек кызы.