Жаңылыктар
Кайгуул милициясы эми Ош шаарында, андан соң жалпы өлкөдө иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгуул милициясы эми Ош шаарында, андан соң жалпы өлкөдө иштейт

Президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимовду кабыл алып, жол коопсуздугу менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чараларын талкуулады. 

Учурда Кайгуул милициясы пилоттук долбоор катары Бишкек шаарынын эки районунда иштеп жатат. Курамды кеңейтүү үчүн жаңы кадрларды окутуу уланууда. Мамлекет башчысы коомчулук кызматкерлерди тандоо сынагынын ачык-айкын өтүшүнөн күмөн санабашы керек экенин белгиледи.

Таалай Токтоназаров менен Жылдыз Кубанычбекова төрт күндөн бери коомдук тартипке бирге көзөмөл жүргүзүп жатышат. Эртең мененки тогуздан бешке чейин сегиз саат кызмат өтөшөт. Кайгуул кызматкерлери жарандарга сылык кайрылып, эреже бузганын этияттык менен эскертүүдө. Жаңы уюшулган Кайгуул милициясы 31-октябрдан тартып иштей баштаган. Үч айлык даярдоодон өткөн 260 кызматкер Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда иш алып барууда. Курамды кеңейтип, борбор калаага толук жайылтуу үчүн жаңы кадрлар окутулуп жатат.

Бирок Кайгуул милициясынын иши Бишкек шаары менен эле чектелбейт. Келечекте долбоорду алгач Ош шаарында, андан соң жалпы өлкөдө жайылтуу максат кылынууда. Мамлекет башчысы жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимовду кабыл алып, жолдогу абалды жөнгө салуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселеси талкууланды. Президент Кайгуул милициясына кызматкерлерди тандап алуунун ачык-айкындыгына коомчулукта күмөн саноо болбошу керек экенин белгиледи. Кайгуул милициясы буга чейин 2016-жылдын башында түзүлгөн. Бирок долбоор натыйжасыз болуп жатканы белгиленип, жыл айланбай кайра жоюлган эле.

Мурда кайгуул милициясынын кызматкерлери 12 миң сом гана эмгек акы алышса, эми маяна 22 миң сом экени белгиленди. Тескөөчүлөр шаарды автоунаа менен да, жөө да кыдырып, коомдук тартипке көзөмөл кылып жатышат.