Жаңылыктар
Жолтоо болгон жол тешиктери
Кыргызстан жаңылыктары
Жолтоо болгон жол тешиктери

Жаз келгени ордо калаанын жолдорун оңдоо иштери башталып, айрым көчөлөрдө капиталдык ремонт жүрүп жатса, кээ бир аймактарда жыртылган жерлер кайрадан жамалууда.

Бишкектин жолдорунун жыртык тешиктерин жамоо иштери план боюнча 15-июнга чейин аякташ керек. Андыктан шаардын кайсы жерине барба, бири жыртылган жерди тешип жатса, экинчилери казылган чуңкурлардын чекесине битум куюп, дагы башкалары даяр болгон жерлерге асфальт төгүп жолчулар иштеп жатат.

Антейин десең айрым жерлерде иш токтоп турат. Бул арада жумушчулар айла жогунан өз ара кобурашып, күтүүгө туура келет. Буга себеп, же жолду тешүүчү машиненин жоктугу же болбосо, асфальт алып келе турган тараптын кечигиши болот.

Быйыл ордо калаанын жолдорунун жыртык-тешиктерин бүтөөгө эле шаардык бюджеттен 40 млн сом каражат бөлүнгөн. Баардыгы болуп, 260 көчөдөгү аң-чөнөктөр толугу менен бүтөлөт.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118