Жаңылыктар
Эл аралык террористтик топтун мүчөсү кармалды
Кылмыш
Эл аралык террористтик топтун мүчөсү кармалды

  Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик топтун мүчөсү кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, 2019-жылдын октябрь айында коопсуздук кызматы өнөктөш кызматтар менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин Кыргызстандын аймагына кирүү каналына бөгөт коюу алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн. 

Натыйжада, Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы издөодө жүргөн тургуну кармалды. Маалыматка караганда, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан. Кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн. 

Азыркы убакта кармалган жаран Жалал-Абад шаардык Ички иштер Башкармалыгын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага карата “Жалданмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.