Жаңылыктар
Жаза аткаруу мекемесинде жоокер каза болду
Кырсык
Жаза аткаруу мекемесинде жоокер каза болду

 Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

«Окуя 4-ноябрда болгон. Токко урунган аскерге медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, каза болуп калды» - деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында кызматын өтөп жүргөн жоокер өз жанын кыйган үч факты катталган. 2018-жылы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев 8-августта күзөт учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.