Жаңылыктар
Химиялык заттарды мыйзамсыз даярдагандар кармалды
Кылмыш
Химиялык заттарды мыйзамсыз даярдагандар кармалды

 Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Новопавловка айылынан мыйзамсыз негизде химиялык заттарды чыгарган цех аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын жардамы менен Киров көчөсүндө чычкандар менен келемиштерди жок кылуучу Бромоцид-Флюид жана Би-58 каражаттарын чыгарган үй табылган. 

"Аталган үйдүн короосунан челектер алынды. Алардын ичинде дары же ууга окшогон суюктук болгон. Короонун айланасында химиялык заттын жыты чыгып турду", — деп айтылат маалыматта. 

Финпол эгер кимдир бирөө химиялык заттарды мыйзамсыз негизде өндүрүп жатканын байкап калса, "1955" түз номерине кабарлап коюуну суранат.