Жаңылыктар
Таштандыга айландыра элек эс алуу багыбыз эле калдыбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Таштандыга айландыра элек эс алуу багыбыз эле калдыбы?

Жакынкы күндөрү социалдык тармактарда эс алуу багында олтуруп, семичка чагып олтурган 2 кыздын окуясы катуу талкууга алынып,  видео илинген сайттардагы  көрүүлөр асман чапчып барат. Бир эле мисал катары айта кетсек, bulbul.kg сайтындагы илинген видеонун көрөрмандарынын саны 37 миңге жеткен.  

Окуя тууралуу кыскача маалымдап кетсек, адепсиз, маданиятка туура келбеген жорукту баштап түкүрүнө семичка чагып айланасын кабыкка толтурган кыздардын көзгө жат көрүнүшү жана мындай көрүнүшкө чыдабай жанына келип суроо узаткан жаш жигит.

Булардын болгон түшүнүгү эс алуу багы атайып булгап кете турган жай, ал эми тазалыкка мамлекеттен акча алган тазалык кызматкерлери  баш катырышы керек.

Айрым  жаштар мындай ойдо болуп, шаарды каалашынча булгап жүргөндө, таштанды маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири болуп, тиешелүү иш-чаралардын аткарылгандыгы менен маселе чечилбей келет.

Кыргызстандын баардык аймактары мындай көрүнүштөн алыс эмес. Ал эми Бишкек шаарындагы жана чет-жакасындагы таштанды маселеси ит ыйлаган абалга келгени эч кимге жашыруун эмес.

Бишкек шаардык мэриясы шаардын ичиндеги толуп, төккөнгө жетишпей жаткан таштандылардан аруулунун максатында  "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин айлык акыларын таштандынын салмагына жараша ктөлөп бермек болушту. Бул система жаңыдан ишке кирип, азырынча алгылыктуу жыйынтыгы байкала элек. 

сүрөт akipress.org сайтынан алынды