Жаңылыктар
Эл алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек
Кыргызстан жаңылыктары
 Эл алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек

Социалдык мааниге ээ маселелер боюнча чечим кабыл алууда милдеттүү түрдө эл алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Мусабекова менен Жанар Акаев көтөрүп чыкты. 

Ага ылайык, маалыматка жетүүнүн кепилдиги жана эркиндиги, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жана ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоолор киргизилээри күтүлүүдө.

Бул багытта атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ага ылайык, мамлекеттик органдар коом үчүн маанилүү чечимди кабыл алууда эл алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү болуп калат. Социалдык мааниге ээ чечим кабыл алган тарап эл менен жолугуп болобу, же массалык маалымат каражаттары аркылуу түз эфирлерге чыгып болсо дагы маселенин канчалык деңгээлде маанилүү экенинен кеңири кабар берет.

Ал арада сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы айрым беренелер так эмес жазылган деген пикирлер бар. Маселен, юрист Алтынай Исаева буларга токтолду.

Кандай болгон күндө дагы мыйзамдын долбоору азыр коомдук талкууда. Ушул жумада парламенттин социалдык маселелер боюнча комитетинде биринчи окууда каралаары айтылууда.