Жаңылыктар
Кытай Beidou-3 спутнигин космоско учурду
Дүйнө
Кытай Beidou-3 спутнигин космоско учурду

Кытай жердин көрүнүшүн 3 эсе чоңойтуп тасмага түшүрө ала турган "Бейдоу" аталышындагы спутнигин учурду. 

Жерге байкоо сала турган спутник Кытайдын Сычуань провинциясында учурулганы айтылууда. Ал жогорку пикселдүү көрүнүштөрдү алат. Жерди байкоодо алган маалыматтарды картага түшүрөт. Ал маалыматтар шаар жана элет аянттарынын курулушу, статистикалык изилдөө тармактарында колдонулат. 

Спутникти Кытайдын табигый булактар министрлиги жана өнүктүрүү министрлиги өз жумуштарына колдонот. 

Белгилей кетсек, Кытай жердин көрүнүштөрүн так алуу үчүн космоско спутниктерди жөнөтүү боюнча долбоорду 2010-жылы баштаган.