Жаңылыктар
Тажикстанда CASA-1000 долбоору старт алды
Экономика
Тажикстанда CASA-1000 долбоору старт алды

Бүгүн 12-майда Тажикстанда энергетика тармагындагы эң ири  CASA-1000  долбоору  расмий түрдө старт алат. Ал келечекте Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын электр линиясын бириктирмекчи. Аземге  Кыргызстандан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган жоон топ, кечээ  жөнөп кеткен. Белгилей кетсек, долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу каралып, ишке берүү мөөнөтү 2019-2020-жылдарга белгиленген.

«CASA-1000» долбоору Кыргызстан үчүн өтө чоң манигээ ээ болуп саналат. Анткени бул долбоор жай мезгилинде тактап айтканда май айынан баштап сентябрга чейин Афганистан  менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк бермекчи. Маалыматка ылайык,  Кыргызстан 450 чакырымдай линияларды өткөрүүсү  керек, бул болжол менен, 233 миллион долларга айланат. Мунун 200миллион долларын Дүнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы каржылайт. Калган 33 миллион долларын Кыргызстан биргелешип каржыламакчы. Улуттук электр түйүндөрү ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору Акылбек Түмөнбаевдин билдирүүсү боюнча алгач Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык системаларын бириктирген "Датка — Кожент" линиясы курулат.

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөрүү линияларын курууга насыя алуу Жогорку Кеңеште каралып жататат. Маселе жакында пленардык жыйында талкууга алынаары күтүлүүдө. Ал арада Акылбек Түмөнбаев долбоордо Кыргызстандын кызыкчылыгы толук корголгонун жана ар кандай тобокелчиликтерди эске алуу менен алдын-ала эл аралык келишимдер түзүлгөнүн тастыктады.

CASA-1000 долбоорунун алкагында Пакистанга 1 квт саат электр энергиясын 9,41 центке, ал эми Афганистанга 8,11 центке сатуу пландалууда. Азыркы учурда Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашуу түзүүнүн алгачкы жол-жоболору аткарылып жатат.  Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев, сөз болуп жаткан долбоор ойдогудай ишке ашып калса, жергиликтүү компанияларды бутуна тургузууга да шарт түзүлөт.

Ал арада жергиликтүү серепчилер бул ири долбоор эки ири аймакты - Борбор Азия менен Түштүк Азияны бириктире турган жалпы энергетикалык рынокту түзүү боюнча чоң программанын алгачкы баскычы болуп каларын айтышууда. Эксперт Бекбоо Маматбеков азырынча өлкөнүн электр энергиясын экспорттоого шарты  жок болгону менен келечекте ага дагы мүмкүнчүлүк  түзүлөрүн эске салат.

Ошентип, бүгүн 12-майда Душамбеде эң ири энергетикалык CASA-1000 долбоорунун курулушу  расмий башталганы  турат. Бул  аземге Кыргызстандан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган жоон топ 11-майда жөнөп кеткен. Иш-сапар алкагында премьер-министрдин Тажикстан менен Афганистандын бир катар бийлик  өкүлдөр менен жолугушуулары пландалган.

М. Абдраманова, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118