Жаңылыктар
Турдакун Усубалиевдин аты Күрпсай ГЭСине ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Турдакун Усубалиевдин аты Күрпсай ГЭСине ыйгарылды

Чыгаан мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата анын ысымы Күрпсай ГЭСине ыйгарылып, аты жазылган тактача ачылды. Иш-чарага жергиликтүү тургундар жана ГЭСти курууга салым кошкон куруучулар катышышты. 

Күрпсай ГЭСи кубаттуулугу жагынан Токтогул ГЭСинен кийинки экинчи ири суу электр станциясы болуп саналат. Анын курулушу Турдакун Усубалиев Кыргызстан компартиясын башкарып турган маалда, тагыраагы 1974-жылы башталып, 1981-жылы агрегаттары ишке кирген. ГЭСтин кубаттуулугу 800 МВт, саатына орточо 2,63 млрд кВт энергия иштеп чыгат.