Жаңылыктар
“Эркечтам” чек ара өткөрүү жайында жаңы система иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
“Эркечтам” чек ара өткөрүү жайында жаңы система иштей баштады

Бүгүндөн тарта “Эркечтам” чек ара өткөрүү жайында жүктөрдү текшерип өткөрүү боюнча жаңы система иштей баштады. Бул тутумдун кириши менен текшерүүнүн мөөнөтү кыскарбастан бажычылардын жумушу жеңилдейт жана өлкөгө тыюу салынган товарларды ташып келүү тобокелчилиги төмөндөйт. Жаңы тутумду ишке киргизүү иш-чарасына Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Эми жүктөр мурдагыдай эмес электрондук түрдө текшерилип, өткөрүлө баштады. Кытай менен чектешкен “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү жайында бажычылар мына ушундай жаңы жол-жоболор менен иштей баштады. Оор жүк ташыган бир унааны өткөрүү үчүн болгону 199 секунд талап кылынат. Ал эми зарыл болгон кагаздарды толтуруп толук өткөрүү үчүн кеминде 5 мүнөттүк убакыт кетет.

Кыргызстандын Евразиялык экномикалык биримдикке кириши менен Жол картасында Россия тарап 14 өткөрүү жайын заманбап техника менен камсыздоо жагы каралган. Анын 12си модерназациядан өткөрүлдү, 7 көзөмөл өткөрүү жайын ушундай талаптарга ылайык комплекстер менен жабдуу каралууда.

Премьер-министр жүк ташуучу унааны ыкчам жана сапаттуу текшере турган инспектордук-көзөмөл тутуму менен таанышты. Өкмөт башчы Кытай менен чектешкен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө жайынын атамекендик экономикадагы гана эмес, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн экономикасында маанилүү ордун белгилеп, борборлоштурулуп автоматташтырылган көзөмөлдөө системасы коррупциянын тобокелчиликтерин четтетип, онлайн ыргакта бардык жол-жоболордун ачыктыгын камсыз кыларына күбө болдук-деди.

“Эркечтам” талапка ылайык келген инспектордук кароо системасы орнотулган алгачкы көзөмөл өткөрүү жайы. Ноябрь айынын аягында “Торугарт” өткөрмө жайында ушундай эле тутум иштей баштайт. Өлкө боюнча мындай тутум Кытай, Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен көзөмөл өткөрмө жайларында иштейт.