Жаңылыктар
Балдарын жакындарына таштап кеткендердин саны арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарын жакындарына таштап кеткендердин саны арбыды

Учурда балдарын жакындарына таштап чет өлкөгө акча табуу максатында кеткендердин саны көп. Ал эми перзенттеринин тарбиясына, билим алуусуна көзөмөл жүргүзүү мигранттар үчүн бир топ кыйынчылык жаратат. Мына ушул көйгөйлүү маселенин чечимин табуу  максатында Ош облусунда айылдардагы активист аялдар өз жардам топтору "Энелер мектебин" ачышкан. Аталган мектептерде 380ден ашуун бала тарбияланат. 

Миножат Тургунова “Эне мектебинде” мигранттардын балдарына билим берип, ошондой эле жалпы өспүрүмдөрдүн зордук-зомбулукка кабылуусунун алдын алуу иштерин алып барууда. Аны менен бирге дагы 2 мугалим балдарды тарбиялоо үчүн борбор калаада атайын окуу курстан окуп келишкен.

Шарк айыл өкмөтүндөгү Навбахар деп аталган "Эне мектеби" ачылганына 4 ай болгон. Анда 3 жашка чейинки балдар бир тайпа, 4 жаштан 6 жашка чейинкилер бир тайпада билим алышат. 3 сааттык атайын мектептеги балдардын 50% мигранттардын балдары болсо, 30 пайызы үй-бүлөлүк шарты начар, ал эми 20 пайызы “эне мектептерине” кызыккандардын балдары. Бул мүмкүнчүлүк талаа жумуштары менен алектенген айыл элине жардам берет дейт жашоочу Саадаткан Алимова.  

Мындай мектептерди уюштурууну “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен “Өз жардам топтору” демилгелешкен. Андагы активист аялдар ар бир айыл, көчөлөрдөгү түрдүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издешет. Аталган бирикме Кара-Суу районундагы Шарк, Кызыл кыштак, Мады айыл аймактарында салттык жана заманбап усулдарды айкалыштыруу менен достукту, биримдикти чыңдоо деген долбоордун алкагында “Эне мектептериндеги” тарбиялануучулар үчүн керектүү шарттар түзүп беришкен.

“Эне мектептериндеги” шарттары менен таанышып Кыргызстан Республикасынын экс президенти Роза Отунбаева келип бул демилгени колдоорун билдирди. Эскерте кетсек, мындай мектептер мамлекеттин 7 дубанында тең уюштурулууда. Ал эми Кара-Суу районунда жакын күндөрдө дагы 10 “эне мектеби” ачылуу алдында турат.

Асанбек Пазыл, “Биринчи  радио”, Ош шаары

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118