Жаңылыктар
Кара-Арча айылында таза суу киргизилүүдө
Аймак
Кара-Арча айылында таза суу киргизилүүдө

Талас облусундагы Манас районунун Кара-Арча айылында таза суу киргизилип жатат. 800дөн ашуун тургуну бар бул айылдын тарыхында таза суу системасы курулган эмес. Быйыл биринчи жолу ар бир түтүндүн короосунун алдына чейин суу түтүктөрү жаткырылып, декабрь айына чейин таза суу тартылып берилиши күтүлүүдө. Былтыртан бери жасалып жаткан долбоордун иш ыргагына аймактагы кабарчыбыз токтолот.

Бул Манас районундагы Кара-Арча айылы. Облус борборунан жүз чакырымдан ашык, райондун борбору Покровкадан 40 километр алыста, тоо таянып жайгашкан чакан айыл. Мында 800дөн ашуун тургун жашайт. Айыл түптөлгөнү деги эле таза суу тутуму кирген эмес. Андыктан элеттиктер сайдан жана тоо боорундагы булактардан суу ташып ичип келет.

Эми бул көйгөйдөн арылууга аз гана убакыт калды. Анткени өткөн жылдан бери Кара-Арчага таза суу тартуу аракети колго алынган. Учурда айылдын баардык көчөлөрүнө түтүктөр жаткырылып, аяктады. Тутумга суу эки булактан берилет; бири мына бул айыл этегинде орун алган скважина.

Экинчиси тоо тараптан тартылып келинген булак суусу. Ал атайын даярдалган суу топтоочу резервуарга куюлат. Андан элге берилет.

Суу түтүгү айылды аралап, ар бир короонун жанынан өтөт. Андан үй ээлери кожолуктарына суу тартып ала алат. Мындайда кышкысын суу куурлары тоңуп калбашы үчүн жылуулоонун ыкмаларын адистер көрсөтүп, кеп-кеңештерин да берүүдө. Техникалык жактан жардам берүүнү айыл өкмөтү да убада кылууда. Андыктан суук түшкүчө ишти ыкчамдатуу боюнча түшүндүрүү иши да жүрүүдө.

Белгилей кетсек, облуста 91 айыл болсо, анын 56сына таза суу тутуму кирген. Ал эми суу түтүктөрү жок айылдардын саны 11. 24 айылда болсо суу тутуму бар болгону менен иштебейт. Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинин каржылоосу менен учурда Кара-Буура районунун Аманбаев айылында, Талас районунан Калба, Бакай-Атанын Өзгөрүш жана Манас районунун Ак-Таш, Таш-Башат айылдарында ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо, суу түтүктөрүн жайгаштыруу иштери аткарылып жатат.