Жаңылыктар
Москвада Усубалиевдин 100 жылдыгына карата флешмоб уюштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада Усубалиевдин 100 жылдыгына карата флешмоб уюштурулду

Москва шаарында мекендештер коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата флешмоб уюштурду. Чыңгыз Айтматов атындагы аллеяда өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тизилип, 100 жыл деген жазууну көрсөтүштү. Ошондой эле асманга 100 шар учурушту. Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. 

1942-1955-жылдары КПСС БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүндө инструктор болгон. 1955-1957 жылдары "Советтик Кыргызстан" газетасынын жооптуу редактору, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Ал эми 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп, республиканы дээрлик чейрек кылым башкарып калды. Ал башкарган 24 жылда республиканын ички дүң продукциясынын көлөмү 2,5 эсеге көбөйүп, айыл чарба секторунда, айрыкча мал чарбачылыгында чоң ийгиликтер жаралып, завод-фабрикалар курулган.