Жаңылыктар
Бишкектеги №10 кесиптик лицейге Чокморовдун ысымы ыйгарылды
Маданият
Бишкектеги №10 кесиптик лицейге Чокморовдун ысымы ыйгарылды

Бишкектеги №10 кесиптик лицейге даңазалуу сүрөтчү жана кино актёр Сүймөнкул Чокморовдун ысымы ыйгарылды. Буга байланыштуу аталган окуу жайда аземдүү салтанат уюштурулуп, СССРдин Эл артистинин музейи ачылды. 

Анда актёр тартылган тасмалардагы фото-сүрөттөр коюлган. Кесиптик лицейдин окуучулары келгендерге чакан концерт көрсөтүштү. Белгилей кетсек, 10-кесиптик лицей жыл башында №92 лицей менен бириккен. Анда миңге жакын жаштар окуйт. Кол өнөрчүлөрдү, сүрөтчү, усталарды жана тейлөө тармагынын адистерин даярдайт.