Жаңылыктар
УКМК: экстремисттик топтун мүчөсү кармалды
Кылмыш
УКМК: экстремисттик топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү, коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп келген. 

Шектүү коңшу мамлекеттердин биринде «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө турган. Ал жасалма паспорт менен Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасап келген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.