Жаңылыктар
Ноокен районундагы мектептердин 60 пайызы видео көзөмөлгө алынды
Билим
Ноокен районундагы мектептердин 60 пайызы видео көзөмөлгө алынды

"Балдар биздин келечек". Билим берүү жана илим министрлигинин токтомуна ылайык, билим уяларына байкоочу камералар орнотулууда. 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы мектептердин дээрлик 60 пайызы байкоочу камералар менен камсыздалды. Ал эми мектеп жамааты менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул аракеттер аркылуу мектептеги кылмыштуулукту жана уурулукту алдын алууга болот дейт.

"Мен ата-эне болом деп кирип балама келдим деп кирип бир бөлмөдө мугалимдин сумкасынан 10миң сом акчаны алып чыгып кеткен. Эгер бул видео камералар жок болгондо биз ал ууруну билбей калат элек" - дейт мектеп директору Арзыкан Орозова.

 Өткөн жылы Кочкор-Ата шаарындагы № 14 мектепте уурулук орун алган. Бул кылмышты ыкчам ачууга байкоочу камера жардам берген.