Жаңылыктар
ИИМдин медициналык башкармалыгына тез жардам унаасы берилди
Ден соолук
ИИМдин медициналык башкармалыгына тез жардам унаасы берилди

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгына тез жардам унаасын белекке беришти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тез жардам унаасы ишкер Мирлан Исагалиев тарабынан берилди. Ал мындай белекти 40 жыл тергөө органдарында иштеген кайын атасы Сапардин Аскаровдун элесине арнады.

Медициналык башкармалыктын башчысы Нурдин Метеров жалпы жамааттын атынан ишкерге ыраазычылык билдирип, дарыгер-реаниматологдор бул унаа менен милиция кызматкерлеринин ден соолугу үчүн бардык күчүн жумшай турганын айтты.