Жаңылыктар
Үркүн окуясы терең изилденип бүттү
Кыргызстан жаңылыктары
Үркүн окуясы терең изилденип бүттү

Эки жылдан бери “Айгине” маданий-изилдөө борбору менен эл аралык уюмдардын биргелешкен долбоорунун негизинде 1916-жылдагы Үркүн окуясы дагы терең изилденип келди. 

Жыйынтыгында көтөрүлүш тууралуу беш карта түзүлүп, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырылды. Буга чейин окуянын картага түшүрүлгөн үлгүсү болгон эмес. 

Анда көтөрүлүштүн чыгышы, жетекчилери, камтылган аймактар, качкындар багыт алган жолдор жана алар барган Кытайдын айылдары тууралуу маалыматтар камтылган. Иш-чара “Тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата өткөрүлдү.