Жаңылыктар
Ч.Айдарбеков Тажикстандын чек арасында болгон окуяга тынчсыздангандыгын билдирди
Саясат
Ч.Айдарбеков Тажикстандын чек арасында болгон окуяга тынчсыздангандыгын билдирди

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын чек арасында болгон окуяга тынчсыздангандыгын билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. 2019-жылдын 6-ноябрында эки өлкөнүн ТИМ жетекчилери - Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Кыргызстандын министри тажик-өзбек чек арасындагы "Султанабад" чек ара отрядынын №4 "Ишкобод" чек ара заставасына куралдуу топтун кол салуусуна тынчсыздангандыгын билдирди. 

Эске салсак, андан чек арачы менен милиционер курман болгон. Кыргыз тарап мындай актыларды айыптаарын жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында аймактагы өлкөлөрдүн биргелешкен күч-аракеттерине колдоо көрсөтөрүн билдирди. Мындан сырткары, Айдарбеков Тажикстандын каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.