Жаңылыктар
"Напарниктер 2" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү
Маданият
 "Напарниктер 2" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү

Борбордогу кинотеатрлардын биринде комедиялык жанрдагы "Напарниктер 2" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Режиссёрлор Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу тасманын 8 айда тартылып бүткөнүн айтып, көптөгөн эмгек жумшалганын кошумчалашты. 

Аталган тасма шаардык милиция бөлүмүнө которулуп келген Белек аттуу жигит тууралуу болот. Анын агасы Бакыт менен уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүп, күлкүлүү окуяларга дуушар болушат. Белек сүйүктүүсүн табат. "Напарниктер 2" тасмасы 7-ноябрдан тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.