Жаңылыктар
Экстремисттик аракеттер интернет айдыңын арбоодо
Кылмыш
Экстремисттик аракеттер интернет айдыңын арбоодо

Жогорку Кеңеш экинчи окууда “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карады. Ага ылайык, экстремисттик мүнөздөгү сайттарды тосмолоо сунушталууда. Демилгечилер, террористтер интернетти активдүү пайдалануу менен өздөрүнүн идеологиясын жайылтып жаткандыгын белгилешет. 

Ош облусунун 19-жаштагы тургуну Изатулло Абдрахманов Кыргызстандын жарандарын Сирияга азгыргандыгы үчүн кармалган. Күч  органдарынын  сурагында , ал  ар бир  адам үчүн  он миңдеген доллар  убада болгондугун жашырган эмес.  Азгыруу интернет сайттары, “майл агенти”, “одноклассник” сыяктуу социалдык тармактар аркылуу жүргүзүлгөн.

Изатулло Абдрахманов:

“Мен социалдык тармак аркылуу чыккан кишиден  Бир адамга  канча акча төлөйсуң деп сурасам,  ар бир  жөнөтулгөн адам үчүн 10 миң доллар берем   деди”.   

Террористтер  өз идеологиясын жайылтуу  максатында  интернетти актвидүү колдонушат. Улуттук коопсуздук  мамлекеттик кызматы жана транспорт, коммуникация министрлиги  экстремисттик сайттарды тездик менен  жабууну камсыз кыла  турган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Тактап айтканда, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөгү ”  мыйзамга өзгөртүү киргизүү  Жогорку Кеңештин  пленардык жыйынында  талкууланды. Тармактык комитеттин төрайымы Галина Скрипкина: 

“Депутаттарда маалымат материалдарын экстремисттик деп түшүндүрүү тууралуу суроолор жаралды. Депутаттардын сунушу менен терррористтик ишмердүүлүк  жүргүзүүгө чакыруу деп өзгөртүлдү”. 

 Мыйзам  долбооруна ылайык,  материалдын экстремисттик мүнөздө экендигин  аныктоо  үчүн  сотко 3 күндүк убакыт берилиши керек, дагы зарылдык жаралса 5 күн жетиштүү  болот.  Жооп берүүчү тарап  сотко келбесе  деле  арыз карала  берет. Ошондой эле  маалымат материалдарына убактылуу чектөө киргизүүгө  мүмкүнчүлүк берилет.  Депутат Дастан  Бекешев сайтты блокировкалоо боюнча  соттун  чечимин аткарууга  жергиликтүү  провайдерлердин   техникалык  күчү жана мүмкүнчүлүгү жетерине кызыкты.

“2012-жылы ютубда бир баракчаны блокировкалоо тууралуу маселени көтөргөнүбүздө, мамлекеттик  байланыш агентиги эч кандай мүмкүнчүлүк жок экендигин айткан болучу”.

Сирияга жана башка согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткендердин себептеринин  негизгиси - бул светтик жана диний билимдин жетишсиздиги  болуп жаткандыгын адистер белгилешет. Мындан улам мыкты иш алып барган интернет-имамдар диний билими жок жарандарды  бат эле азгырып , натыйжада интернет, социалдык тармактар аялдарды азгырууга акысыз  жана ыңгайлуу аянтча болуп жаткандыгын  Мутакалим фондунун жетекчиси   Жамал Фронтбек кызынын айтканы бар. 

Маалыматтарга караганда бүгүнкү күндө Радикал агымдардын тузагына илинип, Сирия, Ирак сыяктуу согуш жүрүп жаткан араб өлкөлөрүнө кеткен кыргызстандыктардын саны 600гө жакындаган. Алардын  60 пайызы интернет, социалдык тармактар аркылуу азгырылгандар.

Г. Усенова, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118