Жаңылыктар
Ар тараптуу талант ээси Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгы белгиленет
Маданият
Ар тараптуу талант ээси Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгы белгиленет

Даңазалуу актёр, таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгы белгиленет. Ал кыргыз киносунун өнүгүшүнө салым кошуп, кыска өмүрүндө өчпөс из калтырган. Маданият ишмерлери Чокморовдун жалпы искусствого кошкон салымы жогору баалап, анын атын түбөлүккө калтыруу зарыл экенин белгилешет.



Сүймөнкул Чокморов кино дүйнөсүнө кеч аралашкан. Бирок анын катышуусундагы көркөм тасмалар маданияттын баа жеткис мурасы деп эсептелип келет. Табият тартуулаган таланты алгачкы жолу тартылган “Караш-Караш окуясы” фильминдеги ролунан эле байкалган. Болот Шамшиев башкы каармандын образын жаратууну мурда актёрлук тажрыйбасы болбогон адамга ишенип тапшырган. Режиссёр Чокморовдун жөндөмүнө ишенген.

Тартылган тасмалары ийгилик артынан ийгилик алып келген. “Жамиля”, “Атайын комиссар”, “Касиеттүү Ысык-Көл”, “Улан”, “Жетинчи ок” көркөм фильмдери анын катышуусунда көрөрмандардын купулуна толгон. Кино тармагына “Кыргыз керемети” деген даңазалуу атты алып келген сексенинчи жылдардагы ийгиликтер Чокморовдун ысымы менен тыгыз байланышта.


Чокморов кино ишмердиги менен эле чектелген жок. Ал ар тараптуу талант экенин далилдеген. Сүрөт дүйнөсүндө портрет тартып, жаратылышты да кагаз бетине түшүргөн. Актёр катары жыйырмадай фильмге тартылса, сүрөтчүлүк өнөрү менен сегиз жүздөй эмгек калтырган.