Жаңылыктар
«Жөө күлүк» тасмасы Минск шаарында көрсөтүлдү
Маданият
«Жөө күлүк» тасмасы  Минск шаарында көрсөтүлдү

Режиссёр Мирлан Абдыкалыков тарткан «Жөө күлүк» тасмасы эл аралык «Листопад» кинофестивалынын алкагында Минск шаарында көрсөтүлдү. Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин маалыматына караганда, салтанатка элчи Эсенгул Ибраимов, элчиликтин кызматкерлери жана Минскиде жашаган кыргызстандыктар катышты. Ал эми иш-чараны уюштуруучулардын бири Игорь Сукманов «Жөө күлүк» тасмасын тааныштыруу учурунда кыргыздын улуттук баш кийими - ак калпакты кийип чыкты.


«Листопад» кинофестивалы 1-ноябрдан бери жүрүп жатат жана 8-ноябрь күнү ишин жыйынтыктайт. «Жөө күлүк» фестивалдын негизги программасында көрсөтүлдү.


Быйылкы фестивалда 50 мамлекеттен 154 тасма көрсөтүлдү, негизги сынакка 12 фильм катышты. Алардын бири - «Жөө күлүк» тасмасы.


Тасманын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүп, кино сынчылардын ФИПРЕССИ сыйлыгына ээ болгон. ФИПРЕССИ – кино сынчылар менен кино изилдөөчүлөрдүн башын бириктирип, дүйнөлүк киноискусствону өнүктүрүүгө салым кошкон, бул багытта жазгандардын кызыкчылыгын коргогон эл аралык уюм. Бул автордук кинолордун ичиндеги эң жогорку сыйлыктардын бири.


Режиссёр тасмасында үй-бүлөнү сактоого аракет кылган өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна туш болгон жаш балдардын көйгөйүн көтөрүп чыккан.